Биз менен байланышыңыз

Дзюдо: Кыргызстандык Владимир Золоев алтын байге алды

Кыска кабар , Спорт | 7 Апр 2021 | 2227 | 0

Бишкекте өтүп жаткан дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатында кыргызстандык спортчу Владимир Золоев 81 килограмм салмакта чемпион аталды. Ал финалдык беттеште түштүк кореялык Ли Мун Жинди жеңип алды.

Золоев алгач жарым чейрек финалда сириялык Мохаммад Касемди таза жеңиш менен утуп, чейрек финалда түштүк кореялык Сунгхо Лини да иппон менен жеңген. Жарым финалда Золоев дүйнө чемпиону аталган монголиялык Саид Моллаеи менен күч сынашып, жеңишке жетип, финалдык таймашка чыккан.

Дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионаты 9-апрелге чейин уланат. Учурда Кыргызстандын куржунунда эки медаль бар. 6-апрелде 60 килограммга чейинки салмакта Кубанычбек Айбек уулу коло байгенин ээси болгон.

Мындай ири мелдеш өлкө тарыхында алгачкы ирет өтүп жатат. Чемпионаттын жыйынтыгы менен спортчулар Олимпиада оюндарында рейтинг топтошот.

Copyright © 2017 Maral FM