Кыргызстандын аймагына метеорит түштү деген болжолдуу маалымат такталып жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
7-апрелге караган таңда тургундар асмандан учуп түшкөн жарыкты видеого тартып алышкан. Социалдык тармактарда ал жарыкты метеорит болушу мүмкүн деп божомолдоп жатышат.