Премьер-министр Улукбек Марипов 7-апрелде Бишкек шаарындагы сейил бактардын биринде бизнес жана IT-компаниялардын өкүлдөрү менен дарак отургузду. Ал анда сөз сүйлөп, экономиканы өнүктүрүүдө өкмөттүн бизнес менен өнөктөштүгү маанилүү экенин айтты.
Мариповдун сөзүнө караганда, учурда өкмөт ишкерлерди колдоо чараларын кабыл алуу аркылуу экономиканы калыбына келтирүүгө бардык аракетин жумшап жатат.
«Ишканаларды, кичи жана орто бизнести колдоого алуу боюнча иш жүргүзүлүүдө. Каралып жаткан демилгелердин баары экономиканын конкреттүү тармагынын өнүгүүсүнө талдоо жүргүзүүгө, бизнестин сунуштарына негизделип жатат», — деди Марипов.
Ал бүгүнкү отургузулган көчөттөрдү бизнес менен жаңы диалогдун башталышына саамалык катары баалады.