Биз менен байланышыңыз

Өкмөт ID-картаны акысыз берет. Кимдер ала алат?

Кыска кабар | 5 Апр 2021 | 2268 | 0

2017-жылдагы үлгү менен чыгарылган идентификациялык паспорттор (ID-карта) акысыз бериле баштайт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлап, улуттук кампанияны ишке киргизилерин билдирди.

Мамлекеттик каттоо кызматы  1-майдан 31-августка чейин төмөнкү категориядагы жактарга 2017-жылдагы үлгү менен чыгарылган ID-карталар акысыз берилет:

— толук мамлекеттик камсыздоодо болгон жана интернаттарда жашаган 16 жашагы балдарга;

— ата-энеси экөө тең каза болгон 18 жашка чейинки балдарга (тоголок жетим);

— толук мамлекеттик камсыздоодо болгон жана интернаттарда жашаган бардык топтогу майыптарга;

— 70 жашка чыккан пенсионерлерге, анын ичинде толук мамлекеттик камсыздоодо болгон жана карылар үйүндө жашаган карыя жарандарга;

— 1941-1945-жылкы Улуу Ата-Мекендик согуштун жана Баткен окуяларынын катышуучуларына.

Бул категориядагы жарандар жеңилдетилген тейлөөнү алуу үчүн тийиштүү документтерди тапшыруусу зарыл.

Copyright © 2017 Maral FM