Биз менен байланышыңыз

Суэц каналы кеңейиши мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Апр 2021 | 1418 | 0

Суэц каналынын администрациясы «Ever Given» кемеси жараткан кырдаал кайталанбашы үчүн каналды кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн изилдеп жатат. Бирок аны  тереңирээк казуунун кажети жок.

«Учурда кырсыктан кийин каналды кеңейтүү мүмкүнчүлүгү изилденип жатат. Контейнер кеме менен болгон авария өзгөчө кырдаалда кризистен чыгуу боюнча тажрыйбалык сабак болду», — деди каналдын администрация башчысы Осама Роби.

Буга чейин Египеттин президенти Абдулфаттах ас-Сиси канал үчүн жаңы буксирлер менен дренажерлерди сатып алуу керектигин, бирок буксирдин ар бири жарым миллиард доллар турарын айткан.

23-мартта «Ever Given» кемеси Суэц каналындагы кеме жолду бөгөп калып, тыгын пайда кылган. Ал 29-мартта багыттан чыгарылган. Андан кийин каналдын кыймылы калыбына келтирилген.

Акыркы маалыматтарга караганда, учурда 200дөн ашуун кеме Суэц каналына кирүүнү күтүп жатат. Жол кыймылы калыбына келтирилгенден кийин каналдан 350дөн ашуун кеме өткөн. Буга чейин каналдын администрациясы 3-апрелге чейин суу артериясынын ишин толугу менен калыбына келтирүүгө убада берген.

Жер Ортолук деңизи менен Кызыл деңизди туташтырган Суэц каналынын жалпы узундугу 193,3 чакырым, тереңдиги 24 метр жана туурасы 350 метрге чейин. Бул өлчөмдөр ошондой эле дүйнөдөгү ири кемелердин, анын ичинде мунай танкерлеринин өтүүсүнө мүмкүнчүлүк берет.

Канал эки бөлүктөн турат. Өз кезегинде ал кемелердин эки тараптуу кыймылын камсыздай алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM