Биз менен байланышыңыз

Түркия: Коронавирустун рекорддук саны катталды

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Апр 2021 | 1250 | 0

Өткөн суткада Түркияда 40 миң 806 адамдын коронавирус жугузганы аныкталды. Бул — пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч.

«Turkish Minute» маалымдагандай, 176 адам коронавирустан көз жумду.

29-мартта Түркияда 32 миңден ашык адам ооруп жаткан болсо, кийинки күндөрү бул көрсөткүч 37-39 миңден ашты.

Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министри Фахриддин Хожанын айтымында, акыркы жумаларда ооругандардын 75 пайызы коронавирустун британ штаммын жугузгандар болууда.

Жалпысынан, пандемия башталгандан бери Түркияда 3,4 миллиондон ашуун адам илдетке чалдыккан. Өлкө бул көрсөткүчтөрү менен дүйнөдө 8-орунда турат.

Буга чейин дүйнөдө оору жугузгандардын саны 130 миллиондон ашкан. Акыркы суткада эле 686 миңден ашуун адамдан илдет аныкталган.

ДССУнун башкы директору Тедрос Аданом Гебрейесус 10-апрелге чейин дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө коронавируска каршы эмдөө башталарынан үмүт артты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM