Биз менен байланышыңыз

«Буга чейин шайланган депутаттардын 80-90 %ы билимсиз болгон»

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Апр 2021 | 1156 | 0

Айыл өкмөт башчылары, мэрлер начар иштегендиктен, элдин маселеси жеринде чечилбей, президент, премьер-министр, эл өкүлдөрүнө нааразычылык көбөйүүдө. Мындай пикирин V чакырылыштын депутаты, коомдук-саясий ишмер Надира Нарматова «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, эгерде айыл өкмөт башчылары, калаа мэрлери билимдүү, тажрыйбалуу, жөндөмдүү болгондо, өкмөт башчы, президент менен түз байланышып, маселени чечип берип, элди нааразы кылмак эмес.

Буга чейин шайланган жергиликтүү кеңештин, парламенттин депутаттарынын 80-90 %ы билимсиз болгон.

«Саналуу гана депутаттарды акчага сатып алып, өмүрүндө бюджеттин «б» тамгасын билбеген, мамлекеттик кызматта бир саат иштебеген, 10 адамга жетекчи болбогон адамдар айыл өкмөт башчылыгына келип калып, кадр саясаты начарлап, карапайым адамдардын суроо-талаптары аткарылбай, парламенттин депутаттарына, президентке нааразы болгондор келип чыкты», — дейт Нарматова.

Ал айылдык кеңештин депутаттары айыл өкмөт башчыларын, шаардык кеңештин депутаттары мэрлерди шайлоосун колдобойт. Анткени иш жүзүндө өзүн-өзү актаган жок деп эсептейт. Алар өкмөт же президент тарабынан сунушталып дайындалышы керек же эл түз шайлашы кажет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM