Биз менен байланышыңыз

«Барган сайын онлайн, аралыктан окуу күч алат»

Кыска кабар , Пикирлер | 2 Апр 2021 | 1193 | 0

Барган сайын онлайн, аралыктан окуу күч алат, ага даяр туруу абзел. Мындай пикирин билим берүү маселелери боюнча эксперт Асылбек Жоодонбеков «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, онлайн, аралыктан окутуу боюнча мыйзамдар кабыл алынышы керек. Себеби онлайн окутууда жакшы көрсөткүчтөргө жетишкен окуучулар бар.

Аралыктан окутуунун экономикалык аспектилерин тийиштүү адистер эсептеп чыгышы зарыл. Онлайн форматта өзгөчө студент короткон каражат ата-эненин бюджетине сөзсүз түрдө жеңилдик берет. Окутуунун мындай мындай түрүндө алгач билим берүү сапаты түшүшү ыктымал. Бирок бара-бара көтөрүлөт. Ал үчүн мугалим, ата-эне, окуучу, студент аңдап-сезиши керек.

«Интернетти колдонууда биринчи кезекте ата-эне сабаттуу болушу зарыл. Онлайн окуу салттуу билим берүүгө караганда — арзаныраак, сарамжалдуу жана таасирдүү. Министрлик колунда жок үй-бүлөлөргө жардам берип, даректүү саясат жүргүзүшү керек», — дейт Жоодонбеков.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM