Биз менен байланышыңыз

Бишкек: Конуштардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө 150 млн сом бөлүндү

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Апр 2021 | 1193 | 0

Бишкектеги конуштардын инфраструктурасын өнүктүрүү багытында жергиликтүү бюджеттен 150 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын курулуш иштери жана жер маселелери боюнча вице-мэри Азамат Сагындык уулу «Маралга» билдирди.

Анын айтымында, калаадагы конуштарда канализация, суу, жарык маселелери чечилет. Саздак жерде жайгашкан конуштарда каналдарды казып, суусун кургатуу багытында иштер жасалат.

Маалыматка ылайык, Учкун конушунда 2 чакырымдан ашык канализация курулат. Бул маселе Арча-Бешик, Бакай-Ата, Мурас-Ордо конуштарына да каралган.

Мындан тышкары шаар четиндеги жаңы конуштарда социалдык-маданий мекемелер көбүрөөк курулат.

Белгилей кетсек, Бишкекте атайын макамга ээ 47 конуш бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM