Биз менен байланышыңыз

Президент УКМК төрагасы Ташиев менен чек ара маселесин талкуулады

Кыска кабар | 27 Мар 2021 | 782 | 0

Президент Садыр Жапаров УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди кабыл алып, чек ара маселесин талкуулады. Бул тууралуу Президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Камчыбек Ташиев 24-25-март күндөрү Ташкент шаарында өткөн кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары жөнүндө маалымат берди.

Ташиев билдиргендей, эки мамлекеттин башчыларынын макулдашууларын ишке ашыруунун алкагында тараптар жыйынтыктоочу протоколго кол коюшту.

«Макулдашууга ылайык, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган тилкелери боюнча бардык маселелер аймактарды алмашуу принциби менен тактоо жол-жобосунан өттү. Тараптар «Кемпир-Абад» суу сактагычы, Шарихан-Сай каналы, Гава-Сай, Көк-Серек, Баястан, Ак-Таш, Үңкүр-Тоо, Кара-Белес тилкелерин тактоодон өткөрүүнү макулдашканы белгиленди» — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, тараптар үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен тартып адамдардын, жеңил автоунаалардын жана кичи автобустардын (20 орунга чейин) өтүүсү үчүн «Кайтпас», «Өтүкчү» өткөрүү пункттарын ачуу боюнча макулдашышты.

Мындан тышкары, Өзбекстан тарап аркылуу «Кара-Суу», «Бек-Абад», «Ынтымак», «Кен-Сай» жана «Сейдикум» өткөрүү пункттарын калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү жөнүндө макулдашууга жетишкен.

Кийин даярдыгына жараша бул өткөрүү пункттары ачылат. Ошол эле учурда, бардык такталган тилкелер боюнча жеринде биргелешкен изилдөөлөр, ошондой эле эки тараптуу консультациялар жүргүзүлөрү айтылган.

Андан соң аталган документти Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен макулдашуу жол-жобосу өтөт, андан кийин мамлекеттер аралык келишимге кол коюлат, ал Жогорку Кеңеш тарабынан ратификациялоо жол-жобосунан өтүшү керек.

Өкмөттүк делегациялардын кезектеги жыйыны жакынкы убакта Кыргызстанда өтөрү айтылды.

Камчыбек Ташиев ошону менен кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында талаштуу тилкелер болбойт деп жыйынтыктады.

Президент Садыр Жапаров бул кадам кыргыз-өзбек эки тараптуу мамилелеринде тарыхый мааниге ээ экенин жана буга чейин орун алып келген айрым чек ара чыр-чатактарына чекит коюла турганын канааттануу менен белгиледи.

Бул эки боордош элдердин ортосундагы достукту жана ынак коңшулукту, анын ичинде чек ара аймактарындагы эки мамлекеттин жашоочуларынын ортосундагы мамилени  чыңдай турганына ишенимин билдирди.

Президент Садыр Жапаров бул багытта башка коңшу мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү активдештирүү зарылдыгын белгиледи.

Кыргыз-өзбек чек арасы: Кыргызстанга кайсы жерлер өттү? (тизме)

Copyright © 2017 Maral FM