Биз менен байланышыңыз

Мусуралиев: Ишкерлерди камоо туура эмес

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Мар 2021 | 575 | 0

Ишкерлерди камоо туура эмес, экономикалык кылмыштар боюнча сөзсүз декриминалдаштырууга баруу зарыл. Бул тууралуу Бизнес акыйкатчынын орун басары Нурлан Мусуралиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ишкерлерди камоодон мамлекетке пайда келбейт. Айрым өлкөлөр декриминалдаштыруу жаатында мыйзамдарды иштеп чыгып, ишкер үчүн камакты айып салуу менен алмаштырган. Натыйжада алардын ишкердигине ири зыян келбейт.

Ал эми Кыргызстанда ишкерге кылмыш иши козголсо, дароо эле банктардагы эсептери тоңдурулат. Бул бизнеске олуттуу кедергисин тийгизет. Анын ордуна ишкердикти токтопой, тергөө параллель жүрүшү керек. Эгерде тергөөчү далилдей албаса, анда бизнес жабыркабайт.

Тилекке каршы, Кыргызстанда кылмыш боюнча соттун чечими чыга электе эле коомчулукка маалымат тарап кетет. Бул да болсо ишкердин аброюна шек келтирет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM