Биз менен байланышыңыз

Бишкек: Эреже сактабаган айдоочуларга 756 миң сомдук айып салынды

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Мар 2021 | 663 | 0

Бишкекте жыл башынан бери санитардык эрежелерди сактабаган коомдук транспорттор боюнча 246 протокол түзүлүп, айдоочуларга жалпы суммасы 756 миң сомдук айып салынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин орун басары Айнагүл Рыскулбекова «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, калаадагы базарлар, дүкөндөр атайын рейддин негизинде текшерилип турат.

«Мораторийге байланыштуу мекемелердин санитардык абалын текшерүүгө уруксат жок. Ал эми муниципалдык мекемелерди көзөмөлдөй беребиз. Базар, супермаркеттерге, кинотеатрларга өзүбүздүн санитардык көрсөтмөлөрдү бердик. Талаптар жеңилдеген жок», — дейт Рыскулбекова.

Ал белгилегендей, учурда стационардык койкалар да, дары-дармек да жетиштүү. Эгерде оорулардын саны көбөйүп кете турган болсо, 3-толкунга карата пландар түзүлгөн.

Коронавирус илдети чыккан жайлар акысыз дезинфекцияланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM