Биз менен байланышыңыз

«Конституциянын жаңы долбоорун чакыртып алууга болот»

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Мар 2021 | 590 | 0

Венеция комиссиясы берген корутундуга таянып, Президент Садыр Жапаровдун, Жогорку Кеңештин жаңы Конституциянын долбоорун артка чакыртып алууга мүмкүнчүлүгү бар. Бул тууралуу юрист Таттыбүбү Эргешбаева «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Жогорку Кеңеш чукул жыйынга чогулуп, референдумдун мөөнөтүн токтотушу зарыл. Экинчиден, долбоорду жакшылап иштеп чыгуу үчүн Конституциялык кеңешмеге кайра жөнөтүү керек.

Мындан тышкары, прокуратура мыйзам демилгелөөгө укук алып, өзүнчө «ажыдаар» органга айланып жатат. Аталган орган учурда 800 кызматкер менен иштесе, алдыда 3 миңге чейин көбөйүшү ыктымал. Алар ыйгарым укуктарынан аша чаап кетиши да мүмкүн.

Бийликке каршы чыккандарга көзөмөл күчөп, мыйзамдык механизм кабыл алынып калат.

Бийлик бутактарынын ортосунда тең салмак болгондо, маселелерди жөнгө салып кетүүгө болмок.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM