Биз менен байланышыңыз

ЖМК: Тажикстан президентинин саламаттыгы начарлаганы айтылууда

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Мар 2021 | 483 | 0

Айрым ЖМКлар Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун саламаттыгы начарлаганын жазып чыгышты. Буга анын соңку сапары кийинкиге жылдырылганы, бир-эки жумадан бери эл алдына чыкпай жатканы, акыркы жарыяланган сүрөттөрү жаңы эместиги жүйө катары келтирилүүдө.

Эмомали Рахмондун 22-мартка Хатлон облусуна белгиленген сапары белгисиз себептерден улам кийинкиге жылган. Мамлекет башчынын аймакка 24-25-март күндөрү барары айтылды.

Өткөн жумада президенттин социалдык маселелер боюнча кеңешчиси Абдужаббор Рахмонзода Эмомали Рахмон Хатлон облусуна 22-мартта бара турганын билдирген. Аталган облустун башчысынын басма сөз катчысы президенттин бул сапары өлкө Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына даярдык көрүү иштерине байланыштуу экенин айткан.

Борбордук Азия жаңылыктар кызматы жазгандай, айрым «Твиттер» колдонуучулары менен басылмалар Эмомали Рахмон эл алдына 10-марттан бери чыга электигин, анын милдеттерин аткаруу улуу баласы, парламенттин жогорку палатасынын төрагасы Рустам Эмомалиге жүктөлгөнүн кабарлап жатышат.

«Bne.intellinews» сайты мамлекет башчынын көптөн бери эл алдына чыкпаганы анын саламаттыгы начарлап кеткендиги тууралуу кептерди жаратып жатканын жазды.

18-мартта «Eurasianet» сайтынын редактору Питер Леонард «Твиттердеги» билдирүүсүндө президенттин басма сөз кызматы 5-марттан бери мамлекет башчынын бир да жаңы сүрөтүн жарыялабаганын белгилеген.

21-мартта Эмомали Рахмондун басма сөз катчысы Абдуфаттох Шарифзода президенттин саламаттыгы тууралуу маалыматтарды четке кагып, мамлекет башчынын акыркы күндөрү жүктөгөн сүрөттөрүнүн баары жаңы экенин билдирди.

Буга чейин да Тажикстан президентинин иш сапарлары артка жылдырылган, эл алдына чыкпай калган учурлары катталып, өлкө башчысынын абалы начардыгы айтылып, кийин кайра бул маалыматтар төгүнгө чыгарылган окуялар орун алган.

68 жаштагы Эмомали Рахмон Тажикстанды 1992-жылдан бери башкарып келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM