Биз менен байланышыңыз

Бишкекте китеп фестивалы өттү [фото]

Коом , Кыска кабар | 22 Мар 2021 | 1312 | 0

21-март — Бүткүл дүйнөлүк поэзия жана Алыкул Осмоновдун туулган күнүнө карата акын Алтынбек Исмаиловдун «Агыш түн» китебинин бет ачары жана китеп фестивалы болуп өттү.

Уюштуруучу Нышанбай Ыманкуловдун айтымында, китеп фестивалы акын Алтынбек Исмаиловдун «Агыш түн» аттуу ыр жыйнагынын бет ачары болуп, ал жаңыча көз караш менен заманбап форматта уюштурулган.

Борбор калаадагы тойканалардын биринде уюштурулган китеп фестивалга 400гө чукул поэзия ышкыбоздору, окурмандар катышты. Иш-чара концерттик программа менен коштолду.

Китепкөй конокторго, өзгөчө жаштарга толгон бул саамалыкта мурдагы Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков сөз сүйлөп, жаштардын китепке болгон сүйүүсү артып бара жатканына кубанып жатканын баса белгиледи.

Окурмандарга жагымдуу маанайды «Данек» китеп дүкөнү тартуулады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM