Биз менен байланышыңыз

Дөөлөт Сыдыков Ош шаарында үч күн «Манас» айтты [Фото]

Коом , Кыска кабар | 22 Мар 2021 | 976 | 0

Кыргызстандын экинчи борбору аталган Ош шаарында уюштурулган манасчы Дөөлөт Сыдыковдун үч күндүк «Манас» айтуу иш-чарасы 21-мартта жыйынтыкталды. Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, шаар тургундары катышып, манасчы Дөөлөт Сыдыковго жакшы тилектерин айтышты.

Ош шаарынын мэри Дөөлөт Сыдыковго күч-кубат тилеп, ар дайым «Манасты» даңазалап, кыргыздын улуулугун даңктап жүрө беришине тилектеш экендигин билдирди.

Шаар башчысы Таалайбек Сарыбашов жеке үй-бүлөсүнүн атынан акчалай сыйлык тапшырып, Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы менен сыйлады.

Эске салсак, манасчы Дөөлөт Сыдыков «Гиннесстин рекорддор китебине» кирүү үчүн өткөн жылы 13-ноябрда Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында тыным албай 14 саат 27 мүнөт «Манас» айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM