Биз менен байланышыңыз

Жапаров «Ден соолук» медициналык комплексинен кабар алды

Кыска кабар | 19 Мар 2021 | 474 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-мартта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы «Ден соолук» медициналык калыбына келтирүүчү комплексинен кабар алды.

Реабилитациялык борбордун директору Тилек Маткеримова мамлекет башчысына республиканын алыскы аймактарынан келген балдардын жана энелердин, жетим балдардын жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ден соолугун калыбына келтирүүгө жана чыңдоого багытталган комплекстин иши жөнүндө маалымат берди.

Долбоорго ылайык, комплекс 8 блоктон туруп, анда аллергологиялык, онкологиялык, пульмонологиялык, акушердик-гинекологиялык, балдар хирургиясы, функционалдык диагностика жана неврологиялык бөлүмдөр жайгашышы керек болчу. Ошондой эле комплексте эс алуу блогу, клиникалык лаборатория, азык-түлүк блогу, кир жуучу жайы каралып, магниттик-резонанстык томограф орун алышы керек эле.

Бул комплекстин жайгашкан жери Ысык-Көлдүн түндүк жээгиндеги климаттык жана бальнеологиялык шарттарды эске алуу менен тандалган.

2020-жылы коронавирус пандемиясы чыккан мезгилде аталган комплекс коронавирус инфекциясы менен ооругандарды кабыл алуу жана дарылоо үчүн стационар катары иштеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM