Биз менен байланышыңыз

Абдил Сегизбаев дагы 2 айга камакта калтырылды

Кыска кабар | 19 Мар 2021 | 545 | 0

Бишкектин Биринчи май райондук соту 18-мартта Абдил Сегизбаевдин баш коргоо чарасын карап, мөөнөтүн узартты. Ал сотко чейинки тергөө иштеринин алкагында 25-майга чейин камакта болот.

Сегизбаев 25-январда УКМКнын абагына киргизилген. Ал Жазык кодексинин 320-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча айыпталууда.

Буга чейин Абдил Сегизбаевдин шайлоо штабында иштеген Мээрим Асанова, Кутман Мукашев, Нурзада Токтогулова, Юлия Барабинанын суракка чакырылганы белгилүү болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM