Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 20-мартта Кыргызстандын аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +2…+7 градус, күндүз +14…+19;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +7…+12;
Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18;
Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +4…+9;
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -+3…+8, күндүз +15….+20;
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан чачын күтүлбөйт, күндүз бир аз жаан жаашы ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7 градус, күндүз +14…+19 градус болот.