Биз менен байланышыңыз

Аскерлердин кургак учук жугузуп алгандыгына байланыштуу кылмыш иши козголду

Кыска кабар | 19 Мар 2021 | 508 | 0

Бишкек шаардык гарнизонунун Аскер прокуратурасы Жазык кодексинин 331-беренесинин (Шалаакылык) 1-бөлүгү менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине аскерлердин кургак учук жугузуп алганы боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин каттады.

Аскер прокуратурасынын басма сөз кызматы билдиргендей, учурда Республикалык соттук-медициналык экспертиза борбору тарабынан текшерүү иштери жүрүп жатат.

Шаардык кургак учукка каршы күрөшүү ооруканасынын башкы дарыгери Тамара Баялиева кечээ, 18-мартта Абадан коргонуу күчтөрүнүн аскер бөлүгүндөгү 15 аскер кургак учуктун жабык түрүн жугузуп алышканын маалымдаган. Бул дарт аныкталган биринчи аскер ооруканага 21-январда келип түшкөн. Ал эми он бешинчи аскер 17-мартта бейтапканага жаткырылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM