Биз менен байланышыңыз

Марипов «Бишкек сууканалдын» башчысын сынга алды

Кыска кабар | 19 Мар 2021 | 653 | 0

Премьер-министр Улукбек Марипов өкмөт башчынын тапшырмасын өз мөөнөтүндө аткарбагандыгы үчүн «Бишкек сууканалдын» башчысынын ишине нааразы болду.

Бишкектин башкы архитектурасына жасаган жумушчу сапарынын жүрүшүндө премьер-министр интерактивдүү картаны иштеп чыгуу боюнча берилген тапшырмалардын жыйынтыгын сурады.

Архитектура, курулуш жана турак жай-чарба мамлекеттик агенттигинин башчысы Урматбек Кокочаров «Түндүкэлектр» жана «Жылуулук тармактарынын» интерактивдүү картасы даяр экенин, бирок «Газпромдун» картасы даяр эместигин, «Бишкек сууканал» ишти 50%га бүтүргөнүн айтып, тараптар аны аяктоо үчүн 6 ай сураганын кошумчалады.

Бирок «Бишкек сууканалдын» өкүлү кечээ иштин 98%ы тапшырылганын маалымдаган болчу. Бул боюнча  агенттиктин өкүлү карта инженерлер тарабынан кабыл алына электигин маалымдады.

Улукбек Марипов шалаакы мамилеге нааразычылыгын билдирип,тиешелүү чаралар көрүлөрүн эскертти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM