Биз менен байланышыңыз

Тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар

Кыска кабар | 18 Мар 2021 | 490 | 0

Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Маалыматка ылайык, 18-мартта жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун Төө-Ашуу ашуусу, Ала-Бел, Чычкан капчыгайында, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунда, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка автоунаа жолундагы Чапчыма ашуусунда, Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM