Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан гидроэнергетика тармагында Корея менен кызматташууга кызыкдар

Кыска кабар | 18 Мар 2021 | 628 | 0

17-мартта Кыргызстандын Кореядагы элчиси Динара Кемелова вице-президент Ли Жонг Жин баштаган Корей Суу корпорациясынын делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө элчи Кемелова Кыргызстан гидроэнергетика, суу менен камсыздоо, «Таза суу» программасы, ирригация тармактарында Корея менен кызматташууга кызыкдар экендигин билдирди.

Вице-президент аталган корпорация учурда Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрүн жана жогоруда аталган багыттар боюнча долбоорлорду ишке ашыруу жолдорун изилдеп жатканын билдирди.

Ошондой эле тараптар айыл жеринде суу менен камсыздоо кызматтарынын жол картасын иштеп чыга турган Билим бөлүштүрүү программасынын (KSP) гранттык долбоорун, ошондой эле «K-City»(«Акылдуу шаар») долбоорун ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM