Биз менен байланышыңыз

Малидеги кол салууда 33 аскер курман болду

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Мар 2021 | 561 | 0

Малинин түндүгүндө согушкерлер аскердик базалардын бирине кол салышты. Кагылыштан 33 аскер курман болду. Бул тууралуу «Anadolu» маалымат агенттиги билдирди.

Малинин Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, Тессит айылындагы базага куралдуу террорчулар кол салышкан.

Дагы 14 адам жаракат алган, алардын сегизи оор абалда.

Азырынча кол салуу үчүн бир да террордук топ жоопкерчилик ала элек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM