Connect with us

100 күндүк планды аткарууда жетекчилердин жоопкерчилиги каралган

Кыска кабар | 18 Мар 2021 | 618 | 0

Өкмөт социалдык жана экономикалык туруктуулукту камсыздоо үчүн биринчи кезекте жасала турган иш-чаралардын аткарылышын караган кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Планга ылайык, аткаруу мөөнөтү 1-июнга чейин деп белгиленген 50 иш-чара бекитилген. Кеңешменин жүрүшүндө Өкмөт башчы пландын бардык пункттары толук ишке ашырылышы керектигин белгиледи.

«Жакында жоюлган финансы полициясы тарабынан гана үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айында 140 иш козголгон. Текшерүүчү органдар инвесторлорду коркутуу тажрыйбасын токтотушу керек», — деди Улукбек Марипов.

Премьер-министр белгилегендей, өсүмдүк майын өндүрүүчүлөрдү салыктан бошотуу жөнүндө маселе талкууланууда, минералдык жер семирткичтерди сыртка ташууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө чечимге кол коюлду.

«Март айына карата төрт иш-чараны ишке ашыруу каралган, анын үчү аткарылган. Анын ичинде консулдук кызмат көрсөтүүгө тарифтер төмөндөтүлгөн. Бажы чек арасындагы ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл милдети алынып салынды. Бишкекте кесиптик багыт берүү борбору ачылды», — деди Экономика жана финансы министринин орун басары Данияр Иманалиев.

Өкмөт башчы белгилегендей, планды ишке ашыруу жыйынтыгы боюнча ар бир министрликке тийиштүү баа берилет, ал эми аталган документти ишке ашыруу үчүн жетекчилердин жеке жоопкерчилиги каралган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM