Биз менен байланышыңыз

Жаныбеков: Өкмөт мунайды арзандатуу үчүн зарыл чараларды көрүүдө

Кыска кабар | 18 Мар 2021 | 489 | 0

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майдын кымбаттоосуна жол бербөө үчүн зарыл чараларды көрүүдө. Бул тууралуу Өкмөт үйүндөгү брифингде Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда дүйнө жүзүндө күйүүчү-майлоочу майга баанын өсүү тенденциясы байкалууда.

«Ушуга байланыштуу Өкмөт мунай өндүрүмүнүн мындан ары да кымбатташына жол бербөө боюнча нефтетрейдерлер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө», — деди Жаныбеков.

Мындан тышкары, министр республиканын бардык мунай базаларында тартыштык байкалбаганын белгиледи.

Айта кетсек, Кыргызстанда мунай жана мунай өндүрүмүн ЕАЭБ өлкөлөрүнөн тышкары ташып чыгууга убактылуу тыюу салынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM