Биз менен байланышыңыз

Өкмөт кумшекер менен өсүмдүк майын экспорттоого тыюу салды

Кыска кабар | 18 Мар 2021 | 740 | 0

Өкмөт кумшекер жана өсүмдүк майын экспорттоого тыюу салды. Бул тууралуу Өкмөт үйүндөгү брифингде Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

2020-жылдагы статистикалык маалымат боюнча, кумшекердин 56%ын ата мекендик компаниялар өндүрөт, калган 44%ы коңшу өлкөлөрдөн импорттолот. Орусия, Казакстан жана Тажикстанда кумшекердин кымбатташы Кыргызстанга да таасирин тийгизгени байкалууда.

«Азыркы учурда өлкөдө эң керектүү азыктардын тартыштыгына жол бербөө жана алардын баасын түшүрүү үчүн премьер-министр токтомго кол койду, ага ылайык, өлкөдөн кумшекер жана өсүмдүк майын экспорттоого тыюу салынат», — деди Жаныбеков.

Министр белгилегендей, азыркы учурда эң зарыл болгон азык-түлүктүн жетишсиздиги байкалбайт, мындай чара аргасыздан жана убактылуу болуп саналат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM