Биз менен байланышыңыз

Чек ара боюнча Тажикстандагы отурум жыйынтыкталды

Кыска кабар | 18 Мар 2021 | 5947 | 0

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн Өкмөттүк делегацияларынын отуруму жыйынтыкталды. Жолугушуу Тажикстандын Согди облусунун Гүлистан шаарында өттү. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Кыргызстан менен Тажикстандын делегацияларын эки өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагалары, генерал-лейтанант Камчыбек Ташиев менен генерал-полковник Саймумин Ятимов жетектеди.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселеси боюнча кызуу пикир алмашуу жүрдү.

Кеңешменин алкагында укуктук маселелер боюнча жана топографиялык жумушчу топтордун жолугушуусу өтүп, анын жүрүшүндө кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо маселесин талкуулашты.

Кеңешменин алкагында чектеш аймактардагы чыр-чатак абалдардын келип чыгышынын алдын алуу багытында Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиевдин жана Согди облусунун төрагасы Ражоббой Ахмадзоданын жолугушуусу орун алып, ага Баткен облусунун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышты.

Тараптардын макулдашуусу боюнча, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегациялардын кезектеги жыйыны Кыргызстандын аймагында өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM