Биз менен байланышыңыз

Эртең Кытайдан COVID-19га каршы 150 миң доза вакцина келет

Кыска кабар | 18 Мар 2021 | 647 | 0

Эртең, 19-мартта Кытайдан Кыргызстанга COVID-19га каршы 150 миң доза вакцина келет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев «Sputnik Кыргызстан» маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бул партиядагы вакцина 75 миң адамга жетет. Министр мындан тышкары, Орусиядан Кыргызстанга жана «COVAX» программасынын алкагында гуманитардык жардам катары вакцина келерин кошумчалады.

Буга чейин министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаев коронавируска каршы вакцина элге жеткиликтүү болушу үчүн каржылык булактар караштырылып, вакцина тандоо процесси жүрүп жатканын билдирген.

Анын айтымында, «COVAX» программасынын алкагында калктын 20%ын эмдөө боюнча макулдашуулар жүрүүдө. Жалпы 2 млн 400 миң доза вакцина алынып келинип, 1 млн 200 миң адам эмдөөдөн өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM