Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын жалпы карызы 5 млрд долларга жакындады

Кыска кабар | 18 Мар 2021 | 793 | 0

Быйылкы жылдын 31-январына карата Кыргызстандын жалпы карызы 4 млрд 954 млн АКШ долларын түздү. Бул улуттук валютага айлантканда 420 млрд 108 млн 670 миң сомго барабар. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, мунун ичинен 85,2%ы, тактап айтканда, 4 млрд 221 млн 610 миң доллары (357 млрд 992 млн 440 миң сом) — тышкы карыз; ал эми 14,8%ы, акча менен алганда, 732 млн 500 миң АКШ доллары (62 млрд 116 млн 23 миң сом) — ички карыз.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM