Биз менен байланышыңыз

Муфтийлик кызматка 8 адам талапкерлигин койду (тизме)

Кыска кабар | 18 Мар 2021 | 1020 | 1

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи кызмат ордуна 8 адам талапкерлигин койду. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын (Муфтият) маалымат кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, төмөндөгү адамдар талапкерлигин койгон:

  1. Нурбек Токтогулов
  2. Сайдамир Джейналиев
  3. Султанали Гапуров
  4. Убайдулла Сарыбаев
  5. Шүкүр Исмаилов
  6. Шакир Маматов
  7. Нематилла Жээнбеков
  8. Ниязали Арипов

Кийинки этапта келип түшкөн документтер иликтөөдөн өтүп, 29-30-31-март, 1-апрель күндөрү Каттоо жана аттестациялоо комиссиясы талапкерлердин кызмат орунга жооп бере турганы боюнча сынак алат.

Мындан тышкары муфтий менен кошо Аалымдар Кеңешинин жаңы чакырылышы жана Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы да кошо шайланат. Бул боюнча Аалымдар Кеңешине мүчө болууга 75 диний ишмер, ал эми Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын кызмат ордуна 21 эсепчи талапкер катары катталды.

Эске салсак, 17-февралда Аалымдар Кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлөрүн, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийин жана Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасын шайлоо жарыяланган болчу.

1 пикир

1 пикир

  1. Жазгул

    21.03.2021 16:28

    Убайдулла Сарыбаев татыктуу

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM