Биз менен байланышыңыз

Дүйнөдөгү эң кымбат акы төлөнүүчү жолдор

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Мар 2021 | 983 | 0

Австралиянын «Budget Direct» камсыздандыруу компаниясы дүйнөдөгү акы төлөнүүчү жолдордун рейтингин жарыялады. Ага ылайык, дүйнөдөгү эң кымбат акы төлөнүүчү жол катары АКШдагы Пенсильвания магистралы (I-76, Interstate 76) эсептелди.

Пенсильвания магистралында жол жүрүү акысы 112,91 долларды түзөт. Автомагистралдын узундугу 580 километр болуп, ал Пенсильвания штатын кесип өтөт.

Австриядагы Гроссглокнер жолу эң кымбат акы төлөнүүчү жолдор тизмесинде экинчи орунда турат, анын жүрүү акысы 45 доллар.

Мамлекеттер арасында акы төлөнүүчү жолдордун орточо баасы боюнча алсак, тизме башында 26,5 доллар менен Швейцария,  экинчи орунда 16,29 доллар менен Австрия, үчүнчү орунда 16,28 доллар менен Фарер аралдары турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM