Биз менен байланышыңыз

Бишкек—Ош унаа жолунун 416-чакырымында таш кулап, тоскоолдук жаралды

Кыска кабар | 13 Мар 2021 | 297 | 0

Бүгүн, 13-мартка караган түнү саат 01:50 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 416-чакырымында таш кулап, жол тосулган. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Түшкөн таштын көлөмү 30-35 куб метр болгон.

Анын кесепетинен унаалардын кыймылына 2-3 саат тоскоолдук болуп, кийинчерээк бул тилкеден жеңил автоунаалар гана өтүп жатканы айтылган. Учурда №30 жол тейлөө мекемесинин жумушчулары тарабынан жолду тазалоо иштери уланууда.

Жалал-Абад ОИИБ боюнча ЖКККБсы Бишкек—Ош жолуна чоң таш түшүп, унаалар токтоп турганын ырастады.

Маалыматка караганда, Бишкек—Ош унаа жолунун 416-чакырымында же Кара-Көл менен Таш-Көмүр шаарларынын ортосундагы аралыкта эки жерге чоң көлөмдүү таш түшкөн. Буга байланыштуу эл аралык маанидеги жолдун Таш-Көмүр шаары аркылуу өткөн тилкесинде унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

Аталган бөлүм айдоочуларды жол ачылганга чейин жол тартпай турууга чакырат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM