Биз менен байланышыңыз

Бакиров азык-түлүк коопсуздугу боюнча Өкмөттү айыптады

Кыска кабар | 11 Мар 2021 | 461 | 0

Премьер-министр баш болуп, Өкмөт азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу ишин аткарбай жатат. Мындай пикирин бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Өмүрбек Бакиров билдирди.

Ал жалпы жыйында сүйлөп жатып, базарда азык-түлүктүн кымбатташы күндөн-күнгө чыңалууну пайда кылып жатканын айтты.

«Өкмөттүн мүчөлөрү, министрлер иштебей жатат. Чоң үмүт менен колдоп бердик эле! Премьер-министр эмне кылып жатат? Азык-түлүк коопсуздугу өтө коркунучтуу абалда. Азык-түлүктүн бардык түрү, күйүүчү май кымбаттап, коомчулукту чыңалууга алып келип турат. Өкмөт бул боюнча бир механизм иштеп чыгышы керек. Айыл чарба министрлигинин алдында Азык-түлүк коопсуздугу боюнча департамент бар. Анын аты эле болбосо, эч кандай иш кылган жок. Баанын күндөн-күнгө көтөрүлүшү эртең чоң чыңалууга, элдин нааразылыгына алып келет», — деди Өмүрбек Бакиров.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM