Биз менен байланышыңыз

Депутат унаа токтотуучу жайларды көбөйтүп, каражат табууну сунуштады

Кыска кабар | 11 Мар 2021 | 553 | 0

Бүгүн, 11-мартта парламенттин жыйынында депутат Бактыбек Турускулов Бишкек шаарында мыйзамдуу унаа токтотуучу жайларды көбөйтүп, андан бюджетке киреше түшө тургандай шарт түзүү сунушун берди.

Ал шаарда унаа токтотуучу жайдын жоктугунан, автоунаалар жол боюнда токтотулуп, ээлери ири суммадагы айып пул төлөп жатышканын айтты.

«Айдоочулардан айып пул алып кыйнагандан көрө, акы төлөнүүчү унаа токтотуучу жайларды көбөйтүү керек. Бишкекте бардык унаа токтотуучу жайларды алып коюп, бүгүнкү күндө чакан бизнес объектилеринин парковкасы жок. Айрым ири соода борборлору шарт түзүп парковкаларды уюштуруп, салык түшүп жатат. Өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй кылып, акы төлөнүүчү жайларды ачып, шаардык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтсөк. Бул киреше эле эмес, айдоочуларга да жакшы шарт болмок. Азыр айла жок жол боюнча токтотулган унааларды камералар каттап алып, айып пул салып коюп жатат», — деди Турускулов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM