Биз менен байланышыңыз

Мексикада вирустан коргоочу мурункап жасалды

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Мар 2021 | 561 | 0

Мексикада өзгөчө беткаптар пайда болду. Тактап айтканда, коронавирустан коргонуу үчүн мурункап иштелип чыкты.

Мурункаптар дайымкы колдонууга сунушталбайт. COVID-19 дем алуу жолдору аркылуу абадан да жуккандыктан, адамдар тамак ичкенде, суу ичкенде, тиш доктурга текшерилгенде мурунду калкалап туруу үчүн жасалган. Дал ушул сыяктуу зарыл шарттарда гана убактылуу пайдаланууга ылайыкташкан.

Мексика улуттук политехникалык институтунун изилдөөчүлөрү күнүмдүк турмушта коронавирус менен күрөшүүгө көмөк көрсөтө турган мурункапка патент алышты. Учурда алар мурункап өндүрүү иштерин жүргүзө турган компания менен макулдашып жатканы белгилүү болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM