Биз менен байланышыңыз

Президент Жапаровго латын арибине өтүү чакырыгы ташталды

Коом , Кыска кабар | 9 Мар 2021 | 1179 | 0

Түрк тилдүү өлкөлөр четинен латын арибине расмий өтө баштаган кезден тартып, ар кандай көз караштар, талкуулар жүрүп келет. Бул көрүнүштөрдү кээ бир эксперттер саясий окуялардын бир бөлүгү деп да айтууда. Бул маселе боюнча түркиялык журналист Мерьем Айбике Синандын тилчи, профессор, доктор Билге Өзкан Налбант менен болгон маегин сиздерге сунуштайбыз. Маек «Түркия гезити» басылмасына жарыяланган. 

Бул макала «Марал» радиосунун көз карашын чагылдырбайт жана автордун материалын өзгөртүүсүз бергенин эскертет!

Түрк дүйнөсүндө «алфавит маселеси» көптөн бери чечилбей, бул тууралуу пикирлерге чекит коюлбай келет. Анткен менен Кыргызстандан башка түрк тилдүү өлкөлөр орток латын арибине расмий өтүшкөн. Акыркылардан болуп, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев «Кирилл алфавитинен латын арибине өтүү жөнүндө» буйрукка кол койгон. Ага чейин Казакстан мамлекети 2023-жылы толук кандуу латын арибине өтүү чечимине токтолушкан. Эми Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровдон да ушундай «жаңылык» күтүүдөбүз.

Биздин тарыхта ушунчалык көп алфавит алмаштыруу болгонун билебиз. Мунун артында маданий тарыхтын, маданий мурасыбыздын муундан-муунга өткөрүлүүсүндө бир канча көйгөй жаралды. Бул жаатта Памуккале университетинин заманбап түрк диалектилери жана адабияты кафедрасынын профессору, доктор Билге Өзкан Налбантка бир нече суроо узаттым.

— Агай, ушул күнгө чейин түрк эли жалпы канча арип колдонду?

— Түрк тилинин тарыхында соода-сатык, маданият, диний жана башка себептерден улам жалпы көктүрк, манихей, согдий, уйгур жазмасы, брахми, тибет, сирия, иврит, грек, араб, кирилл, латын жана башка бир канча жазма арип колдондук. Анын ичинен көктүрк жазмасы жалпы түрк элине таандык болгон орток бир арип катары кабыл алынган. Энесай жазмасында 100дөн ашуун тамга камтылганы айтылса, Орхон жазуусунда 38 тамга болгон.

— Бир алфавитте тамганын көп болуусу маанилүүбү негизи?

— Энесай алфавитинде тамгалардын өтө эле көп болгонуна байланыштуу Көктүрк доорунда бир канча азайтуу болгон. Тамгалардын азайтылуусу жазуу системасынын жакшырышына алып келген. Себеби Энесай доорунда ыркы келишпеген түрктөр ушул көктүрктөр заманында биригип, өлкө системасын куруп, бирдиктүү алфавит калыптандырышкан. Алфавит системасында тамгалардын көп болуусу эмес, бири-бирин түшүнө билүүсү маанилүү.

— Азыр Түрк кеңешинин курамындагы өлкөлөр четинен латын арибине өтүп жатат. Бул учурда эмнелерге маани берүү керек?

— Бүгүн түрк дүйнөсүндө талаш жараткан алфавит маселеси же болбосо латын арибине өтүү процессинде жалпы түрк өлкөлөрү бул жазманын арасындагы түшүнүүгө оор болгон тамгаларды көбөйтүүдөн алыстоо керек. Латын жазмасына өтүүдө кээ бир түрк өлкөлөрү сүйлөө, жазуу ыңгайына жараша кирбей турган тамгаларды да кошуп алып жатат. Бул көрүнүшкө орус саясаты жана ага шериктеш болгондор колдоо көрсөтүп жаткансыйт. Түрк дүйнөсү мындай баш айлантма оюндарга аралашпай койгону дурус. Ошондой эле Түркия мамлекети расмийлештирген, 29 тамгадан турган арипти чогуу кабыл алууну сунуш кылар элем.

— Эгер ушул «оюнга» аралашып калган болсок, бизди кандай кыйынчылыктар күтөт?

— Андайда латын арибине өтүүнүн эч мааниси калбайт. Орусия кирилл тамгасын кабыл алдырган Батыш Түркстанды, араб алфавитин колдонгон Чыгыш Түркстанды, латын алфавитин кабыл алган Түркияны бири-бирине кайчылаштырган алфавит оюнуна дагы дуушар болобуз. Көйгөйдүн дагы бири, түрк тилинин фонетикасына туура келбеген, санын ыксыз көбөйткөн керексиз тамгалар кошулуп калса, басып чыгаруу иш-аракеттеринде да көп маселе жаралат. Түрк элин мындай баш ооруткан талаш-тартышка алып барган кандай себептер, артында кимдер турарын да эч унутпашыбыз керек. Тез арада түрктөр жалпы «уруучулук» түшүнүктөн алыстап, андан да маанилүү болгон «түрктөр» деген бир туугандык баалуулукту калыптандырышы керек.

Билге агайдын бул эскертүүлөрү Түрк биримдигинин күн тартибинен орун алат деген үмүттөбүз. Бул алфавит маселеси үчүн атайын түркологдор конгресси уюштурулса, келечек муун үчүн абдан маанилүү кадам болмок деген ойдобуз.

Copyright © 2017 Maral FM