Биз менен байланышыңыз

Москвадагы техникалык окуу жай абитуриенттерди сынакка катышууга чакырат

Кыска кабар | 8 Мар 2021 | 640 | 0

Москва автомобиль жана жол мамлекеттик техникалык университети (МАЖМТУ) Кыргызстандын орто мектептеринин, колледждеринин жана техникалык окуу жайларынын студенттерин “Бардык жолдор МАДИге алып барат!” сынагына катышууга чакырды. Бул тууралуу, Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жеңүүчүлөр Орусиянын федералдык бюджетинин эсебинен университетте акысыз билим алууга шарт түзүлүп, жатакана менен камсыз болушат.

Сынак математика предмети боюнча онлайн тест түрүндө өтөт. Сынакка катышуу акысыз өтүп, онлайн-каттоо 15-февралдан 15-апрелге чейин болот.

Анын жыйынтыгында, Кыргызстандын 7 жараны төмөнкү багыттар боюнча билим алууга мүмкүнчүлүк алышат. Алар:

  • Курулуш;
  • Транспорттук процесстердин технологиясы;
  • Транспорттук жана технологиялык машиналардын жана комплекстердин эксплуатациясы;
  • Башкаруу.

Толугураак маалыматты grant.madi.ru сайтынан алууга болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM