Биз менен байланышыңыз

Москвадагы эскалатордон кулаган баланын абалынан элчилик кабар алды

Коом , Кыска кабар | 7 Мар 2021 | 693 | 0

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Москва шаарындагы Балдар хирургиясы жана травматология илимий изилдөө институтуна барып, буга чейин эскалатордон кулап түшүп, дарыланып жаткан 5 жашар кыргызстандык баланын абалы менен таанышты.

Гүлнара-Клара Самат инститтун нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы Олимжан Исхаковдон баланын тез сакайып кетиши үчүн бардык чараларды көрүүсүн өтүндү. Ошондой эле элчи жабыркаган баланын жакын туугандары менен жолугуп, юридикалык жардам көрсөтүлөрүн маалымдады.

Эскерте кетсек, 3-мартта 5 жашар бала «Глобал» соода борборундагы эскалатордун экинчи кабатынан кулап кетип, тез жардам унаасы менен ооруканага жеткирилген. Анын Кыргызстандан барган мигранттардын биринин баласы экени айтылып, элчилик бул боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүнү колго алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM