Биз менен байланышыңыз

Этникалык кыргыздарга медициналык, юридикалык маалымат берилди

Кыска кабар | 10 Мар 2021 | 490 | 0

«Марал» телерадио компаниясы Европа Биримдигинин колдоосу менен дарыгердин жана юристтин коштоосунда этникалык кыргыздарга маалыматтык иш-чара уюштурду.

Анда пандемия маалында «кызыл аймакта» иштеп, адамдарга жардам колун сунган дарыгер Эрмек Исмаилов COVID-19 илдети, анын жаңы түрү, оорунун алдын алуудагы санитардык эрежелер жана оорудан айыккандан кийинки реабилитациялык аракеттер тууралуу маалымат берди.

«Азыр үчүнчү толкундун болору тууралуу да бир нече маалыматтарды айтып кеттик. Этникалык кыргыздардын үй-бүлөлөрүнөн вакцина боюнча да суроолор берилди. Ага да жооп бердик. Себеби март айынан баштап «Спутник-V» вакцинасы келери айтылууда. «Коронавирус менен ооругандар вакцина алса болобу?» — деген суроо болду. Эгер айыкканына бир ай өтө элек болсо, вакцинаны 3-6 ай албай турса болот. Эгер андан өтүп кетсе алышы керек», — деди Эрмек Исмаилов.

Чүй облусунун бардык райондорунда  Тажикстан, Өзбекстандан көчүп келгендер арбын. Алар юридикалык жана медициналык кеңеш алууда тоскоолдуктар жаралганын айтышат.

Тажикстандан тарыхый мекенине келгендер татыктуу жашоого жана мамлекет тарабынан колдоого муктаж. Бул маселе пандемия шартында өзгөчө күч алган.

Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматына караганда, Кыргызстан эгемендүүлүк алган күндөн тарта өлкөгө 65 миңден ашуун этникалык кыргыз көчүп келген. 2010-жылдан бери 15 миң адам «кайрылман» макамын алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM