Биз менен байланышыңыз

JIA Бизнес Ассоциациясы ишкерлерге консультативдик колдоо көрсөтөт

Кыска кабар | 5 Мар 2021 | 394 | 0

JIA Бизнес Ассоциациясы өнөктөштөрү менен биргеликте «Ready-4Trade-Central Asia» (R-4TCA) долбоорунун алкагында ишкерлерге экспорттоо боюнча консультативдик колдоо көрсөтөт.

Анда ишкерлер экспортко чыгууда туш болгон көйгөйлөр: рынок тандоо, сертификациядан өтүү, документ иштерин даярдоо жана сүйлөшүү жүргүзүү сыяктуу маселелер каралып, жол-жоболору үйрөтүлөт.

«R-4TCA» — Евробиримдик тарабынан каржыланган жана Эл аралык соода борбору тарабынан Борбор Азиянын 5 өлкөсүндө — Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанда эл аралык сооданы жайылтуу максатында ишке ашырылып жаткан 4 жылдык долбоор.

Экспортту башкаруу боюнча машыктыруу демилгеси коучингге катышуу үчүн өздүк компания сыяктуу 40 чакан жана орто бизнести тандап алуу максатында иштелип чыккан. Бул өлкөлөр ортосундагы соода алакасын түзүүгө шарт түзөт.

Европада, Жакынкы Чыгышта же Түштүк-Чыгыш Азияда өз продукциясын сатууга кызыккандар бул жактан катталса болот. Аталган долбоор чакан жана орто бизнес үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзөрү айтылууда. Кеңири маалыматты: 0(551) 996 106 номуру аркылуу алууга болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM