Биз менен байланышыңыз

УКМК: Кара-Көл шаардык милициясынын башчысы кармалды

Кыска кабар | 5 Мар 2021 | 534 | 0

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык Ички иштер башкармалыгынын башчысы Аркыт Нусубалиев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысына шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин Орусиянын аймагынан уурдалган делип, Интерполдун каттоосуна алынган, 2019-жылы заводдон чыккан «ТОЙОТА ЛЭНД-КРУЗЕР-200» маркасындагы унаа Жалал-Абад облустук ИИБнин Жол кайгуул кызматы тарабынан кармалган. Аны Аркыт Нусубалиев 2020-жылдын декабрында жасалма документ менен кызыкдар адамдарга мыйзамсыз берген.

Кылмышка шектүү Жалал-Абад шаардык ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM