Биз менен байланышыңыз

«Аскер курулуш» ишканасы «Гансиге» бөлүнгөн акчаны кымырып алган

Кыска кабар | 5 Мар 2021 | 512 | 0

Аскер прокуратурасы «Аскер курулуш» мамлекеттик ишканасы өлкө казынасына 2 миллион 500 миң сомдон ашык зыян келтиргенин аныктады.

Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдиргендей, «Аскер курулуштун» кызмат адамдары коронавирус пандемиясы учурунда «Ганси» техникалык колдоо борборунун имараттарын дарылоо-обсервациялык пунктка ылайыктап кайрадан оңдоодон өткөрүү үчүн бөлүнгөн акчанын бир канчасын кымырып алган.

Ишкана айрым курулуш компаниялары менен жең ичинен сүйлөшүп, жасалган иштердин көлөмүн негизсиз жогорулатып, колдонулган жабдуулардын баасын кымбат көрсөткөн. Аткарган иштери жөнүндөгү актыларга бир эле жумушту кайталап жаза берген. Бул себептерден улам мамлекетке 2 миллион 500 миң сомдон ашык зыян келтирилген.

Факты боюнча текшерүүнүн материалдары Аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM