Биз менен байланышыңыз

Иран АКШнын санкцияларынан улам пайда болгон чыгымды 200 млрд долларга баалады

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Мар 2021 | 388 | 0

Үч жыл мурун АКШ тарабынан киргизилген санкциялардан улам Ирандын чыгымы 200 миллиард доллардан ашты. Бул тууралуу Ирандын президенти Хасан Роухани билдирди.

Анын айтымында, Тегеран келтирилген зыяндын ордун толтурууну АКШнын Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимге кайтып келишинин шарты катары талап кылбайт.

«Айрым досторубуз АКШ менен макулдашуудан мурда компенсация талап кылышкан. Акыркы үч жылда АКШнын санкцияларынан улам келтирилген зыян 200 миллиард доллардан ашты. Бирок биз досторубузга компенсация суроону кийинкиге жылдырууну жана Америка Кошмо Штаттарына өзөктүк келишим боюнча санкцияларды алып салып, келишимге кайтуу мүмкүндүгүн айттык»,- деди Роухани.

Ирандын өзөктүк программасы боюнча иш-аракеттер планына 2015-жылдын июль айында Иран жана алты эл аралык ортомчу мамлекет — БУУнун Коопсуздук Кеңешинин беш туруктуу мүчөсү жана Германия кол коюшкан.

Бирок 2018-жылы май айында АКШ келишимден чыгып кеткен жана Иранга каршы санкцияларын жанданткан. Ал эми АКШнын учурдагы президенти Жо Байден айрым шарттар менен келишимге кайтууга даяр экендигин билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM