Биз менен байланышыңыз

COVID-19: 41 адам дартка чалдыгып, 2 бейтап каза тапты

Кыска кабар | 5 Мар 2021 | 609 | 0

Республикалык штабдын берген маалыматы боюнча, 5-мартка карата 41 адам: Бишкек шаарында – 17, Ош шаарында — 1, Чүй облусунда – 9, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 7, Жалал — Абад облусунда – 3, Баткен облусунда — 2 адам коронавируска чалдыкканы тастыкталган.

Ал эми бир сутка ичинде 49 бейтап: Бишкек шаарында – 12, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 13, Ош облусунда – 3, Талас облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 3, Жалал-Абад облусунда – 1, Баткен облусунда – 4 бейтап коронавирустан айыгып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте эки адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда 359 бейтап, амбулатордук түрдө 259 бейтап дарыланууда.

Өлкө боюнча акыркы суткада 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Муну менен илдет жугузган медкызматкерлердин саны 4 миң 206 жетип, анын ичинен 4 миң 194ү айыгып, 12си каза тапкан.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 451 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 424ү сакайып, 1 миң 470 бейтап каза тапкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM