Биз менен байланышыңыз

Жумуртка менен картошканын чекене баасы бир жылда 1,5 эсе жогорулады

Кыска кабар | 5 Мар 2021 | 605 | 0

Улуттук статистика комитети республиканын 18 аймагы боюнча негизги азык-түлүктүн орточо керектөө бааларына мониторинг жүргүздү.

Изилдөөнүн 4-мартка карата жыйынтыгында жумурткага болгон баа өлкө боюнча орточо эсеп менен 105 сом 85 тыйынды түзгөнү жана өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 38 пайызга өскөнү белгилүү болгон. Ал эми картошканын баасы былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 32 сом 53 тыйынды түзүп, 49 пайызга жогорулады.

Ошол эле учурда, жумуртканын чекене баасы орточо көрсөткүчтөн жогору болуп, Өзгөн районунда 134 сом 8 тыйынды, Ноокат районунда 123 сом 69 тыйынды, Чаек айылында 120 сомду, ал эми картошканын чекене баасы Токтогул шаарында — 35 сомду, Жалал-Абад шаарында 34 сом 70 тыйынды, Кара-Суу районунда 34 сом 32 тыйынды түзгөн. Жумуртканын баасынын эң жогору өсүшү өткөн жылга салыштырмалуу Балыкчы, Токтогул жана Каракол шаарларында 1,5 эсеге, картошканын баасы Кербен жана Каракол шаарларында 1,6 эсеге, Бишкек  шаарында 1,5 эсеге жогорулаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM