Биз менен байланышыңыз

Түштүк Кореяда коронавируска каршы эмделген 3 адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Мар 2021 | 532 | 0

Түштүк Кореяда дагы 3 адам «AstraZeneca» коронавирустук вакцинасы менен эмделгенден соң каза болду. Өлкөнүн Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу агенттиги билдиргендей, вакцина алуудан кийин көз жумгандардын саны бешке жетти.

Каза болгондордун экөө 50 жаштан өткөн эркектер экени кабарланды. Алар карылар ооруканасында дарыланып жатышкан. Бир адам эмдөөдөн 41 саат өткөндөн кийин, экинчиси 15 сааттан кийин көз жумган. Маркумдардын үчүнчүсү 30-35тер чамасындагы аял оор дартка чалдыгып, майыптар ооруканасында жаткан. Ал эмдөөдөн 15 саат өткөндөн кийин көз жумган.

Буга чейин «Йонхап» жаңылыктар агенттиги Түштүк Корея өкмөтү «AstraZeneca» вакцинасы менен эмдөөдөн кийин каза болгон эки адамдын өлүмүнүн себептерин иликтөөнү баштаганын билдирген. Бири 50, экинчиси 63 жашта болчу. 63 жаштагы адам эмдөөдөн бир күндөн кийин дене табы көтөрүлүп, эки күндөн кийин көз жумган.

2-мартта Австрияда «Pfizer/BioNTech» вакцинасы менен эмдөөдөн кийин 41 адам көз жумган. Алардын үчөөнүн өлүмү вакцина менен байланышкан эмес. Дагы 11 адам инкубация мезгилинде каза тапкан. Алардын 19у катуу ооруга чалдыккан. Дагы 8 адамдын өлүмүнүн себеби такталууда.

Швейцария өлкөсүндө да коронавируска каршы вакцина алган 16 адам көз жумганы кабарланган. Бул өлкө калкын «Pfizer» жана «Moderna» вакциналары менен эмдеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM