Биз менен байланышыңыз

Жалил Атамбаев үй камагына чыгарылды

Кыска кабар | 5 Мар 2021 | 653 | 0

УКМК тарабынан кармалган Жалил Атамбаевди үй камагына чыгаруу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды. Мындай чечимди келтирилген зыяндын ордун төлөп берүүсүнүн жана тергөө менен кызматташуусун эске алып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту чыгарды.

УКМКнын тараткан малыматка ылайык, республиканын ички иштер органдарынын кызматкери болуп саналган Жалил Атамбаевдин мыйзамсыз ишкердик иш менен алектенип, жалпы суммасы 100 миллион сомдон ашуун кыймылсыз мүлккө ээ болуп, аны жакын туугандарынын атына каттатканы аныкталган.

Ал эми, 4-мартта Жалил Атамбаев жана анын жактоочулары тергөө менен кызматташууга жана белгиленген зыяндын ордун мамлекеттин бюджетине төлөп берүүгө даяр экендигин билдирген. Учурда Атамбаев келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн УКМКнын депозиттик эсебине 50,5 миллион сом салган, калган 50 миллион сомду ушул жылдын март айынын аягына чейин төлөп берүүгө милдеттендирилген.

Белгилей кетсек, Жалил Атамбаев мамлекеттик кызматта турганда мыйзамсыз баюу фактысы боюнча УКМК тарабынан 3-мартта кармалган. Учурда тергөө иши уланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM