Биз менен байланышыңыз

Ак калпак күнүнө арналган иш-чара: Калпак кийүүнүн да өз эрежеси бар

Коом | 4 Мар 2021 | 3268 | 0

5-марттын Ак калпак күнү катары белгиленип келе жатканына быйыл 10 жыл болду. Бул күндү майрамдоону кинорежиссер Рысбек Жабиров демилгелеп, 2011-жылы Ак калпак күнүнө карата чоң программадагы иш-чара уюштурулган. 2016-жылы Жогорку Кеңештин токтому менен 5-март Ак калпак күнү катары расмий бекитилип, 2017-жылы айрым сунуштардын негизинде токтомго өзгөртүүлөр киргизилип, 5-март — Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү катары кабыл алынган.

Ак калпак күнүнүн демилгечиси Рысбек Жабиров

Бүгүн, 4-мартта Бишкектин борбордук «Ала Тоо» аянтында аталган майрамдын 10 жылдыгына карата чоң программадагы иш-чара болуп өттү. Анда кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси өтүп, ага ак калпактын түрлөрү, улуттук кийимдер жана буюм-тайымдар коюлду. Ошондой эле улуттук кийимдердин парады да орун алды. Жөө жүрүш «Ала-Тоо» кинотеатры менен борбордук аянттын ортосунда өтүп, ага ак калпак кийген аталар, ак элечекчен апалар, байыркы кыргыз жоокерлеринин кийимдерин кийген жигиттер, улуттук кийим кийген кыздар, тайган ээрчиткен аңчылар, колуна бүркүтүн кондурган мүнүшкөрлөр, Улуттук Гвардиянын аскерлери, жалпысынан 1 500дөй адам катышты.

Иш-чарада Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев сөз сүйлөп, 5-март Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү менен жалпы элди куттуктады.

«Ак калпак күнүн белгилеп келе жатканыбызга 10 жыл болду. Ылайым биздин аталарыбыздын, апаларыбыздын башынан ак калпагы, элечеги түшпөсүн. Улуттук кийимдерибиз кыргыздын кыргыз экендигин таанытып, улуттук ар-намысыбызды козгоп, дүйнөгө ушундай барктуу, салттуу, нарктуу улут экенибизди таанытып турсун». 

Салтанаттын дагы бир өзгөчөлүгү этникалык кыргыздардын да келгени болду. Алтайлык кыргыздардын атынан келип сахнага ырдап берген Ирина Келзина өз жериндеги калпактын орду тууралуу буларды билдирди:

«Жалпы кыргыздардын калпагы бизде бааланат, бирок Алтайда суук болгондуктан, баш кийимдерибиз башкача болуп кетти. Чынын айтканда, Орусияда жайгашкандыгыбыздан, баарыбыз кепка, топуларга өтүп алганбыз. Бул баш кийим биз жакта жоголуп кетти». 

Ал эми Памирден келген Турганбай өзү туулган жерде кыргыз калпагы майрам күндөрү гана кийилерин айтат.

«Памирде деле калпак кийишет. Ал жакта суук болгондуктан, жайкысын, анан той-тороподо көп кийишет. Негизи Памирде калпак дегенди апаларыбыз тикпейт да. Андай өнөр ал жакка жетпей калганбы, себебин так айта албайм. Кыргызстандан гумжардам жеткирип келгенде, калпактарды да ала келишет. Анан кандай калпак болбосун, ал жактагы бир туугандар барктап-баалап кийип келишет». 

Кытайлык кыргыз Мамбет Акындын айтымында, ал жактагы кыргыздар калпакты башынан түшүрбөй киет, кимдин кайсы уруудан экенин кийген калпагынан эле билип койсо болот.

«Бул жакта калпакты майрам күндөрү гана кийбесе, көбүнчө кийилбейт. Ал эми кытайлык кыргыз бир туугандарыбыздын ар бир жигитинин башында калпагы бар. Алардын кийген калпагын карап туруп, кайсы уруудан экенин билип койсо болот». 

Калпактын түрлөрү

«Тилик калпак», «Айры калпак», «Сайма калпак», «Туюк калпак» болуп негизги бөлүккө бөлүнөт. Бирок уз чеберлер өз табитине жараша формасын, түсүн түрдүүчө өзгөртүп жасап жүрөт. Бүгүнкү күндө өлкө аймагынан калпактын 100гө жакын түрүн кезиктирүүгө болот.

Калпак кийүүнүн эрежелери

Калпактын кыюусунун өңү, тигилиши, түзүлүшү кыргыз эркектеринин жаш өзгөчөлүгүн, социалдык абалын кошо туюнтуп турган. Анын кийген калпагына карап, болжолдуу канчаларда экенин, кандай шартта жашарын айттырбай аңдап коюшкан.

Тестиер-өспүрүм балдарга кыюусу жашыл калпак кийгизишкен. Ал баланын жетилип келе жаткандыгын туюндурган.

Кыюусу кызыл калпак жигиттин эр жеткенин, үйлөнүү үчүн өзүнө колукту тандап жүргөнүн же кайындаган кызды алууга камданып жүргөнүн билдирген.

Көп учурда күйөөлөп келген жигитке кайындары кыюусу кара калпак кийгизишкен. Мындай калпак турмуштун ак-карасын, ысык-суугун түшүнүп, турмуштун улуу жолуна аттанды деген белгини берген.

Чымкый ак калпакты калк жүгүн аркалап, тутка болор, элине алымдуу жигитке кийгизишкен.

Ал эми чымкый кара калпакты өмүрлөшүнөн ажыраган адам аза күтүүнүн белгиси катары кийген.

Учурда Бакай калпак деп аталып жүргөн төбөсү шоңшогой калпакты илгери калк башкарган бийлер, манаптар, айылга алымдуу аксакалдар кийген.

Адамдын кадыры канчалык экенин калпактын кыюусуна салынган оюу, ошол оюулардын арасына кыстырыла кеткен асыл таштар айкындап турган. Аш-тойлордо адамдын баш кийимине карап, жашын, даражасын болжолдоп, ошого жараша устукан тарткан.

Калпакка байланышкан ырымдар

Калпактын төбөсүн түшүрүп кийүү: «Үй-бүлөмдө каш кайтарар жан калбады. Кимдин бийлиги күчтүү болсо, ошонун кулу болом», — дегенди түшүндүргөн.

Калпактын оң кыргагын баса кийүү — алганынан, ата- энеден, зор дөөлөттөрдөн айрылуунун белгиси болгон.

Калпактын төбөсүн түшүрүп, эки кырын терең жапырып алуу: «Артымдан издеп аларым жок, кулак кести кулмун», — дегенди билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM