Биз менен байланышыңыз

Буудайдын, арпанын үрөнү 85%га, калган өсүмдүктөрдүкү 100%га камсыздалды

Кыска кабар | 4 Мар 2021 | 610 | 0

Бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында Өкмөттүн айдоо-себүү иштерине даярдыгы талкууланууда. Анда баяндама жасаган Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков быйыл 6700 гектар жер жаңыдан өздөштүрүлөрүн билдирди.

«Климаттык өзгөрүүлөр жаңы технологияларды пайдалануу зарылчылыгын жаратып, тамчылатып сугаруунун көрсөткүчү быйыл 2700 гектарга жетет. Ал эми республикабызда 2 жарым миңден ашуун күнөскана бар. Тиешелүү жарлыктын негизинде быйыл үрөн жана асыл тукум чарбаларына артыкчылык берилүүдө».

Ал эми быйылкы жазгы талаа жумуштары 700 миң гектар жерде жүргүзүлөт. Бул жумуштарды ийгиликтүү өткөрүү үчүн «Айыл чарбасын каржылоо-9» долбоору аркылуу 6 млрд сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Ага ылайык, дыйкандарга жана малчыларга 6, 8 жана 10%дык ченде насыялар берилип жатат. Мындан сырткары сапаттуу үрөн, жер семирткич, техника жана сугат суу менен камсыздоо маселелерине токтолгон Аскарбек Жаныбеков буудайдын үрөнү 85%га, арпаныкы 89%га, калган өсүмдүк түрлөрү дээрлик 100%га камсыздалганын билдирди.

«Бирок, тилекке каршы, дыйкандарыбыз толугу менен сапаттуу үрөн себе алышкан жок. Үрөн чарбаларыбыздын 50%ы тиешелүү талаптарга жооп бере албагандыктан, азык-түлүк коопсуздугу камсыздалбай келет. Ошондуктан жылына башка өлкөдөн 350 миң тонна буудай, 90-95 миң тонна ун алабыз. Эгемендүүлүккө чейин биздин өлкө гана аталган азыктарды сыртка экспорт кылчубуз», — деди министр.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM